Биз социалдык тармакта

Өлкөдө катталган ар бир экинчи кылмыш Чүй облусунун аймагында болот

Жыл башынан бери Чүй облусунда 3996 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 фактыга аз. Ошондой эле 9 ай ичинде катталган кылмыштардын 72,2 пайызынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө катталган кылмыштын ар бир экинчиси Чүй облусунун аймагында болот. Буга ички миграция, социалдык-экономикалык абал себеп болуп жатканы айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан