Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, кармалган Жанар аттуу кыз Н.Калмурзаев аттуу жарандан аялына виза даярдап берүү убадасы менен 10 миң доллар, дагы бир шаар тургунунан 5 миң доллар алган. Бирок иштин жыйынтыгы болгон эмес. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгерде кимде-ким сүрөттөгү кыздын алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркаса, 0 553 10-24-60, 0 705 35-41-17, 0 553 10-26-79 номурлары аркылуу кайрылса болот.