18-октябрда футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги турунда 4 оюн болуп өттү. Чемпиондук жарышка түшкөн 4 команданын ичинен Бишкекте лидер “Дордой” менен “Алга” тең эсепте ойносо, “Абдыш-Ата” Кантта Ош шаарынын “Алай” клубун утуп алды. “Дордой” менен “Алга” тең ойноп, упай жоготкондоруна карабай мелдеш жадыбалында дээрлик өзгөрүү болгон жок. Бул тууралууу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Оюдардын толук тизмеси:
“Дордой” (Бишкек) – “Алга” (Бишкек) – 1:1
“Абдыш-Ата” (Кант) – “Алай” (Ош) – 2:0
“Алдиер” (Куршаб) – “Ала-Тоо” (Нарын) – 0:2
“Нефтичи” (Кочкор-Ата) – “Манас” (Бишкек) – 1:0