Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, Өзгөндө жыгач устундуу, шифер менен жабылган 32 чарчы метр бастырманын чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде республика аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкекте 2, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 5, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталган.

Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Шоро-Башат тилкесинде жыгач устундуу, шифер менен жабылган 32 чарчы метр бастырманын чатыры, 1 тонна тезек, 2 куб отун күйгөн. Өрттүн чыгышына отко этиятсыз мамиле себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан