"Дүйнөнүн мыктысы алуучу "Алтын топ" байгесин быйыл германиялык футболчу алууга тийиш" дейт Мишель Платини

УЕФАнын президенти Мишель Платини дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” байгесин быйыл Германия курама командасынын өкүлү алуусу керек экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

“Мен “Алтын топ” ээсин аныктоого багытталган добуш берүүгө катышпайм. Бирок бул сыйлыктын ээси Дүйнө чемпиондугун уткан Германия курамасынын өкүлү болууга тийиш. Ошентсе да Месси менен Роналду алдынкы үчтүккө кире турганынан шегим жок”,- дейт Платини.

Кошумчалай кетсек, “Алтын топ” байгесине талапкер 23 футболчунун тизмеси 28-октябрда жарыяланат. ФИФАга мүчө болгон Улуттук курамалардын машыктыруучуларынын жана капитандарынын добуш берүүсүнөн кийин дүйнөнүн мыкты футболчусунун аты аталып, сыйлык 2015-жылы тапшырылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nursss_Real_Madrid
2014-10-20 11:27:34
роналдудан башка татыктуу адам жок
0
F.C.Batken.
2014-10-20 13:21:14
Аттигиниң ай,ушуну бекер айтты да Платини.Муну окуп алып эми көңүлү назик,кээ бир кызтекелер шолоктоп ыйлай турган болду.
-1
elgiz0890
2014-10-20 18:30:56
робен месси муллер тактыктууу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан