Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4 студенти кылмышка шектүү катары кармалып, камакка алынды

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4 студенти кылмышка шектүү катары кармалып, камакка алынды. Алар 28-январь күнү Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен саат 04:30 чамасында “Смарт” күзөт агенттигинин кызматкери Байнаев Нурланды сабап салгандыгы боюнча айыпталууда. Кармалгандар Биринчи Май РИИБнин убактылуу кармалуучу жайында. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жабырлануучунун сабалганы ошол жердеги соода түйүндөрүнүн бириндеги видеокамерага тартылып калган. Кылмышка шектүүлөр Түркиянын жарандары экендиги аныкталды. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми жабырлануучу ооруканага жаткырылганы маалым болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан