Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 8-октябрь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Көк-Суу жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен каза болгон Сузак районундагы Беш-Мойнок айылынын тургуну Толкунбай Абдыровдун үй-бүлөсүнө 50 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-октябрда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Алмазбек Атамбаевдин ошол эле буйругу менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосуна койлорун айдап чыгып кетишип, дайынсыз жоголушкан Сузак районунун тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиевди издөө иштерин улантууга 50 миң сомдон бөлүндү.