Бишкекте зордуктоого шектелип 63 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардын Р.Гүлзана аттуу тургуну 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн биринде 60-65 жаштар чамасындагы киши күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирген.
Бул иш боюнча Октябрь РИИБинин №4-аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечээ, 19-октябрда ошол көчөнүн 63 жаштагы тургуну, Ш.Арсар аттуу жаран кармалды.Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.