Сокулук районунда Улуу Британиянын жаранын атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда күч органдарындагы булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 19-октябрь күнү 1959-жылы туулган айымды белгисиз адамдар тоноого аракет кылышкан. Айым каршылык көрсөткөндө аны бет тарапка тапанча менен атып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу Улуу Британиянын жараны болгон. Учурда ал ооруканада. Ошондой эле кылмышка шектүүлөр изделүүдө.