Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 20-октябрь күнү саат 20:00 чамасында катталган. Анын кесепетинен базардагы кийим жана оюнчук сатуучу эки темир контейнер күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болгон.