Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Фучик жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Тойота Марк Х үлгүсүндөгү унаа 1 адамды сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө адам каза болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.