Алматыдагы кафелердин биринде кыргыздар менен казактардын ортосунда уруш чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда казак маалымат каражаттары жазышууда.
Алардын маалыматына караганда, окуя 19-октябрь күнү Алматыдагы кафелердин биринде болгон. Анда эс алып жүрүшкөн кыргызстандык коноктор менен жергиликтүү казактардын ортосунда уруш чыккан. Аларды ОМОНдор келип токтотушкан. Күч органдары бул окуя тууралуу азырынча маалымат бере элек. Ошондой эле уруштун келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.