Бүгүн, 21-октябрда 31 жаштагы О.Н. аттуу аял Кайыңды темир жолунда башка бирөөнүн паспорту менен мамлекеттен чыгып кетүүгө аракет жасаган учурда кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Бишкек-Новокузнецк каттамын чек арачылар тактап жаткан учурда тууганынын паспорту менен кетип жаткан жеринен кармалган.
Учурда ага карата тийиштүү документтер топтолуп, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.