Кечээ, 20-октябрь күнү Жол-кайгуул кызматы тарабынан Ак үйдөн анча алыс эмес жерден Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабековго тиешелүү 0025 KG номурлуу Кадиллак Эскалейд унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда унаага тиешелүү документтер болгон эмес. Ошондой эле эл өкүлү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Э.Атантаевге сөгүнүп, орой мамиле жасаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Бул боюнча КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын жетекчилиги Жогорку Кеңештин Этика боюнча комитетине арызданарын билдирди.
Маалыматка караганда, 0025 KG мамлекеттик номур кызматтык Тойота Камри унаасына катталган.