Казакстанда 30 килограммга жакын маңзат менен Кыргызстандын эки жана Орусиянын бир жараны кармалды

Казакстандын чек арачылары тарабынан 30 килограммга жакын маңзат менен Кыргызстандын эки жана Орусиянын бир жараны кармалды. Бул тууралуу 21-октябрда Казакстандын Чек ара кызматынын расмий сайты жарыялады. 

Маалыматка ылайык, Тойота РАВ-4 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, андан 26 килограмм героин табылган. Ошондой эле казак-кыргыз чек арасынан өтүп бара жаткан Мерседес-Бенц унаасы текшерилип, андан 4 килограмм гашиш жана 1 килограммга жакын героин табылган. 

Эки факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан