Футбол боюнча улуттук курама команданы орусиялык адис Александр Крестинин машыктырмай болду

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучулук кызматын орусиялык адис Александр Крестинин аркалайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, А.Крестинин КРнын Футбол федерациясы менен 3 жылдык келишимге кол койду. Адис кыргыз футболу менен жакындан тааныш. Ал башта кочкор-аталык “нефтичинин” курамында ойноп, кийин машыктыруучу болгон. “Нефтичинин” 2010-жылы Кыргызстандын биринчилигин утуп алганы дал ушул адистин ысымы менен байланыштуу.

Кошумчалай кетсек, буга чейин улуттук кураманы орусиялык Сергей Дворянков машыктырып келген. Ал АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычы аяктаган соң кызматын өткөргөн. Ушул күнгө чейин башкы машыктыруучунун милдетин Мирлан Эшенов аркалап келгени белгилүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан