Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине карата түштүк регионунун жогорку окуу жайларынын арасында волейбол боюнча мелдеш старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдешке Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик социалдык университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, Ош мамлекеттик юридика институтунун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад экономикалык ишкердик университетинин жана ОшМУнун командалары катышууда. Анда 1-орун ээсине 20 миң сом, 2-орунга 15 миң сом, 3-орунду ээлеген командага 10 сом акчалай сыйлыктар каралган.