Москвадан Парижге сапар тарткан Falcon-50 үлгүсүндөгү жеңил моторлуу учагы "Внуково" аба майданында кырсыкка кабылып, анда франциялык ири мунай “Тотал” ишканасынын жетекчиси Кристоф де Маржери каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кристоф де Маржери орус өкмөтү уюштурган чет элдик инвесторлор боюнча жыйынга катышуу үчүн келгени маалым. Кырсыктын айынан төрт киши каза тапканы айтылууда. Бул окуядан кийин "Внуково" аба майданында бир нече саатка учуп-конуулар токтотулган.
Учак старт алгандан кийин 40 секунд убакытка жетпей аба майданындагы кар тазалап жаткан унаага сол канаты менен урунган. Соккудан улам учак ала салып, андан соң жарылып кеткен.
“Total” дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ компаниясы болуп эсептелет. Ал Орусиянын эң ири үч долбоорунун биринин оператору. 2008-жылдан бери “Газпромдун" өнөгү катары саналат.
Айрым маалыматтарда аба майданында жол тазалоочу унаанын айдоочусу мас экени айтылууда. Ошондой эле "дүйшөмбү күнү Москваны туман каптап турган, бул да кырсыктын себеби болуп калышы мүмкүн" деп айтылат маалыматта. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.