Футбол боюнча өлкө биринчилигинде Ош шаарынын “Алай” командасы Бишкекте “Алганы” 3:1 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 21-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугунда бишкектик “Алга” менен Ош шаарынын “Алай” командасы беттешти. ТОП-Лиганын экинчи айлампасынын алкагында уюшулган оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алды. Анда 1:3 эсеби катталып, “Алай” жеңишке жетишти. 
“Алганын” акыркы оюнда лидер “Дордой” менен 1:1 эсебинде тең ойногонун, ага чейин канттык “Абдыш-Атаны” конокто 0:2 эсебинде утуп алганын эске алсак, бул беттештеги эсеп көптөр үчүн күтүүсүз болду. Себеби "Алай" аталган эки командага тең утулуп калган эле. Ошентсе да Бишкекте катары менен 3 оюн өткөрүү үчүн келген “Алай” командасы башкы стадиондо жеңишке жетишип, сенсация жаратты. Бул жыйынтык менен “Алайдын” футболчулары ТОП-Лигада 3-орун үчүн болгон күрөштү кайрадан жанданта алышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
edu.kg
2014-10-21 22:04:58
Алга „Алай„. Ийгилик ойунчуларга
0
nurik92
2014-10-22 00:22:53
„Алай” алгаа..
+1
Patrik
2014-10-22 08:07:19
Жесть оюн болгон окшойт а
0
Lintel
2014-10-22 10:29:18
Ох жакшы кабар АЛАЙ алга мен мындай жыйынтык кутпогом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан