Токтогул районундагы жол кырсыгынан дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылып, милицияга өткөрүлүп берилди

Токтогул районунда 21-октябрда түнкү саат 01:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 267-чакырымында автокырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, 1 адам дайынсыз жоголгон. ӨКМнын куткаруучулары ошол эле күнү саат 10:00дө Ашитованын сөөгүн табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

ӨКМнын басма сөз кызматы буга чейин билдиргендей, В8465АВ мамлекеттик номерлүү Хонда Сабер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан дарыясынын жээгине кулап түшкөн. Анын ичиндеги бешинчи жүргүнчү дайынсыз болуп жаткан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан