Атайын прокурордун улук жардамчысы пара талап кылганы үчүн кармалды

Атайын прокурордун улук жардамчысы пара талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, прокуратуранын К.Т. аттуу кызматкери өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, “прокурордук текшерүүнүн материалдарын тергөө органдарына берем” деп коркутуп, Б.Б. аттуу жарандан 1000 доллар талап кылган. Бул боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жүрүшүндө К.Тнын унаасынан 500 доллар табылган. Анын мурун да Б.Бдан 25 миң сом алганын белгилүү болду. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur45
2014-10-22 10:22:57
Дайыма эле кармалды дейт бирок кармалган адам камака алынды дегенди укбайбыз.Оздору карман,кайра озунон акча алып, кайрадан каррупцияны кучотуп жатат.кийин койберип жатбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан