№47-түзөтүү мекемесинде соттолуучунун сабалганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 15-октябрь күнү прокуратурага арыз келип түшкөн. Анда №47-түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолуучу Ж.Инин сабалганы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде Ж.Инин сабалганы аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.