Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-октябрь күнү Лейлек районунун Кулунду айылында Тажикстандын аймагына өтүп жаткан учурда Мерседес Актрос унаасы токтотулган. Аны текшерүүгө алганда унаада 40 тонна күйүүчү май болгон. Ага тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.