"Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов учурда туура эмес саясат жүргүзүп жатат. Мына, Азия оюндарына барып келдик. Ал жакка мен Олимпиадага даярдоо борборунун директору катары барышым керек болчу, бирок ал мени тизмеден чийип салыптыр. Ошондой эле ал Азия оюндарынан келген соң 21 күндөн бери 3 комиссия түзүп, мени кызматтан алуунун аракетин көрүп жатат. Бул эмне деген өзүм билемдик? Бүгүн мени кызматтан алса, эртең Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновду кызматтан алат. Ал учурда спорттун көйгөйлөрүн ичтен түшүнгөн жок. Андыктан президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөткө кайрылат элем, алдыдагы жылдарда кыргыз спортуна жеңиш керек. Ал эми спорт тармагындагы мындай башкаруу менен биз эч нерсеге жетише албайбыз. Ошондуктан спорттун көйгөйлөрүн ичтен түшүнгөн бирөөнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кылып шайлап берүүнү суранам",- деди.