Бишкекте "күч колдонуп тоноп кетишкен" деген шек менен шаардын 5 тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, борбор калаанын К.Махабат аттуу тургунун Правда-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен түнкү саат 03:30дар чамасында белгисиз 5 киши күч колдонуп тоноп, 2 миң сом акчасын тартып алышкан.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Т.Айбек, Т.Бекболот, А.Адылбек, Н. Ильгиз, С.Мелисбек аттуу шаардын тургундары кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.