Чүй районунда баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Арал айылында 52 жаштагы М.Жаныбек милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында жанындагы ак түстөгү баштыктан 24 килограмм 800 грамм баңгизат табылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.