Бүгүн, 22-октябрда Бишкектеги “Дордой” спорткомплексинде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда “Дордой” менен “Абдыш-Ата” беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Биринчи таймда жогорку чыңалыштыкта өткөн оюнда мүмкүнчүлүктөр болгону менен, эсеп ачылган жок. Оюндун экинчи таймында да жогорку ылдамдык сакталып, калыс бир нече жолу жаңылууга жетишти. Алгач "Абдыш-Атанын" дарбазасына пенальти койгон калыс жардамчысынын пикирине таянып бул чечимин артка кайтырып алды. Ошол эле учурда атаандаштары менен ачык сөгүшүүгө өткөн Иван Филатовду ("Абдыш-Ата") оюндан четтетти. Арачага түшкөн Авазбек Откеев ("Дордой") да бул кырдаалда кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилди.
Кошумчалай кетсек, “Дордой” 17 оюндан кийин 42 упай топтоп, мелдеште алдынкы сапта келүүдө. Ал эми “Абдыш-Ата” 17 оюнда 37 упай топтоп, 2-орунда келе жатат.