Үстүбүздөгү жылдын
1-октябрында Көк-Суу жайлоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан жарандарды издөө
иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрь
күнү КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу жана
дайынсыз жоголгон адамдардын туугандарынан 2 адам тартылып, издөө иштерин
жүргүзгөн. Куткаруучулар жана туугандары издөө иштерин токтотушуп, саат 18:30дар
чамасында туруктуу ордуларына кайтып келишти.
Эске салсак, Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы Түрк-Абад айылынын
тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжон Маматалиев 1-октябрында Нарын
облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосуна кой айдап чыгып кетишкен бойдон дайынсыз. Ошондон бери
издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп келүүдө.