Чемпиондор Лигасында “Реал” менен “Боруссия” конокто ири эсептеги жеңишке жетишишти

22-октябрдан 23-октябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 3-тур оюндарынын алкагында 8 оюн орун алды. Анда мадриддик “Реал” конокто англиялык “Ливерпулду” утту. Ал эми Бельгияда өткөн беттеште лондондук “Арсенал” жергиликтүү “Андерлехт” клубунун үстүнөн жеңишке жетишти. Түркиялык “Галатасарай” болсо дортмунддук “Боруссиянын” үстөккө-босток уюшулган чабуулдарынан кийин 4 гол өткөрүп жиберүүгө мажбур болду. Бул күнү “Ювентустун” конокто жолу болбой, Грецияда “Олимпиакоско” утулуп калды.

“А” тайпасы

“Атлетико” (Испания) – “Мальмё” (Швеция) – 5:0

Голдор: Коке (48-мүнөттө), Манжукич (61-мүнөттө), Гризманн (63-мүнөттө), Годин (87-мүнөттө), Черчи (90-мүнөттө).

“Олимпиакос” (Греция) – “Ювентус” (Италия) – 1:0

Гол: Касами (36-мүнөттө).

“В” тайпасы

“Ливерпуль” (Англия) – “Реал” (Испания) – 0:3

Голдор: Криштиану Роналду (23-мүнөттө), Бензема (30-мүнөттө), Бензема (41-мүнөттө).

“Лудогорец” (Болгария) - "Базель" (Швейцария) – 1:0

Гол: Минев (90-мүнөттө).

“С” тайпасы

“Байер” (Германия) – “Зенит” (Орусия) – 2:0

Голдор: Донати (58-мүнөттө), Пападопулос (63-мүнөттө).

“Монако” (Франция) – “Бенфика” (Португалия) – 0:0

“D” тайпасы

“Андерлехт” (Бельгия) – “Арсенал” (Англия) – 1:2

Голдор: Нахар (71-мүнөттө), Гиббс (89-мүнөттө), Подольски (90-мүнөттө).

“Галатасарай” (Түркия) – “Боруссия” (Д, Германия) – 0:4

Голдор: Обамеянг (6-мүнөттө), Обамеянг (18-мүнөттө), Ройс (41-мүнөттө), Рамос, (83-мүнөттө).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан