Ош шаарындагы №5-СИЗОнун башчысы боюнча кызматтык иликтөө жүрөт

Ош шаарындагы №5-СИЗОнун башчысы боюнча кызматтык иликтөө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, буга чейин №5-СИЗОнун башчысы Абдыкадыр Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалганы айтылган эле.

Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы “№5-СИЗОнун башчысы Абдыкадыр Асанов кармалган жок. Жөн гана соттолуучуну үйүнө барып келүүгө уруксат бергени боюнча суракка алынды. Негизинен орчундуу себеп болсо, соттолуучунун үйүнө барып келүүсүнө 7 күнгө чейин уруксат берилет” деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uran001
2014-10-23 11:18:32
Курсант Асановдун акасы болот аны камабайт,камасада акталып чыгат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан