Олимпиадага даярдоо борборунун 21 миллион сом карызын спорт коомчулугу “бул тамаша эмес” деп баалашууда

Кечээ, 22-октябрда Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков маалымат жыйынын өткөрүп, борбордун карызы 21 миллион сомду түзгөнүн билдирген эле. Аталган борбор бардык спорт түрү боюнча улуттук курама командалар үчүн жооп берет. Анын милдеттеринин катарына бир катар мелдештерди уюштуруу, машыгуу сборлорун камсыздоо жана ар бир спортчунун мелдешке катыша турган чыгымын каржылоо кирет. Н.Акылбековдун айтымында, учурда бул борбордун эшигин тээп, “сотко берем” деп карызын доолагандардын аягы үзүлө элек. Жыл ичинде машыгуу сборлорун жана башка иштерди бүлгүнгө учуратпай, убагында ишке ашыруу үчүн федерациялар, машыктыруучулар карызга акча алышкан. Ошондой эле аталган борбор спортчулардын машыгуу сборлорун, чет жакка учууну камсыздаган билеттерди жана башка иш-чараларды карызга ишке ашырган.

Бул маселе жогорудагы мекеменин эле жеке маселеси эмес экени, буга Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түздөн-түз жооп берери белгилүү. Бул кырдаалды баалоо үчүн жана алдыда кандай чара көрүү керектигин айрым спорт ишмерлеринен сурап көрдүк.  

Алмаз Касенов, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору:

- Бул маселе бүгүн эле жарала калган жок, себеби спорт 20 жылдан бери ушул эле систем менен жашап келет. Спортко өкмөт тарабынан акча кеч бөлүнөт. Алгач бюджетке акча түшүш керек, анан спортко каражат бөлүнөт. Ошентсе да бул үчүн өкмөттү күнөөлөгөнгө болбойт. Балким, карыздарды өз маалында төлөп турганыбызда мындай маселе жаралбайт эле. Эгер убагында кол койбой, каражат бербей коюш керек болсо, спортчулардын даярдыктары бүлгүнгө учурайт. Иштөө принцибине таяна турган болсок, бул маселени түздөн-түз Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги чечет. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов Каржы министрлигине барып, ачык эле маселени түшүндүрүп бериши керек.  

Улан Молдодосов, Оор атлетика федерациясынын вице-президенти: 

- Чынын айтканда, 21 миллион сом карыз - бул тамаша эмес. Мынча карыз алып жаткандарын билгенден кийин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору каржы министри менен кеңешиши керек болчу. Кантсе да бул мамлекеттин акчасы да.

Каныбек Осмоналиев, “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону:

- Мына, кечээ президентибиз Алмазбек Атамбаев спортту колдоого аларын билдирди. Бул жерде эң негизги маселе - акчанын өкмөт тарабынан убагында берилбей жатканы. Акча убагында берилсе, машыгуу сборлоруна кеткен каражатты убагында төлөсөк, убагында аны көзөмөлгө алсак, мындай маселе болмок эмес. Эми кырдаалдан чыгуунун бир гана жолун өкмөт билет. Кийинки жылга карата кайсы спортко канча каражат керек экенин терең анализдеп чыгып, анан бюджеттен көбүрөөк каражат бөлдүрүшүбүз керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан