Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Шопоков шаарынын 19 жаштагы жашоочусу кайрылган. Анда ал белгисиз адам "үйүңө жеткирип коюм" деп унаасына салып, кийин күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Учурда “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кылмышка шектелип кармалган 25 жаштагы Асылбаш айылынын тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди.