Бишкекте оор атлетика боюнча жаштар арасында шаардын Ачык биринчилиги старт алды

Бүгүн, 23-октябрда оор атлетика боюнча жаштар арасында Бишкектин Ачык биринчилиги орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Оор атлетика боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн Бишкек шаарындагы адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин директору Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке спорттук мектептердин, шаарлардын жана спорт клубдарынын өкүлдөрү катыша алышат. Анда уландар 8 салмак категориясында (56 килограмм салмакта, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, 94 кг, 105 кг, 105 килограммдан жогорку салмакта), кыздар 7 салмакта (48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 77 кг, 77 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашышат. Мелдеш 24-октябрь күнү жыйынтыкталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан