Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштерине 25 миллион сом бөлүнгөн, жумуш ноябрь айында бүткөрүлөт

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери ноябрь айында жыйынтыкталат. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

“Оңдоп-түзөө иштери сентябрь айында бүтүшү керек болчу. Бирок бул убакыт ичинде пландалган иш аяктаган жок. Ошол себептүү Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Болот Сулаймановду кызматынан кетирүүгө туура келди. Б.Сулаймановдун келишими аягына чыккан. Мен келишимди узартуудан баш тартып, кол коюп берген жокмун. Азыр анын милдетин аткарып жаткан кызматкер өз ишин кылууда”,- деп билдирди К.Эргешов. Ал кошумчалагандай, оңдоп-түзөө иштерине мамлекет тарабынан 25 миллион сом бөлүнгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fanatkg
2014-10-23 19:09:10
25миллион толук иштелсе ото сонун болуп калса керек. Бирок не учун сентябрьда бутподу бул жерде бир кеп бар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан