Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча кечээ, 23-октябрда саат 08:30дан бүгүн саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды.
Бишкектин Алматы көчөсү, 468 дарегинде К.Байбатов аттуу жарандын Ауди-С4 үлгүсүндөгү автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыкканы маалым болду.
Ошондой эле Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 4 тонна чөп күйүп кеткен. Учурда себеби такталууда.