Бишкекте 19 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 60 жаштагы М.Виктор аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө ууруга киришип, 50 миң сомго жакын акча каражатын жана газ тапанчасын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ч.Игорь кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.