Орусияда курулуш иштеринин жүрүшүндө кыргызстандык куруучунун үстүнө бетон кулап, ал каза тапты

Орусиянын Красноярск крайындагы Балахтин районунун Балахта айылында курулуш иштеринин жүрүшүндө кыргызстандык жарандын үстүнө бетон кулап, ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда аталган аймак боюнча Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда саат 16:00 чамасында соода борборунда жүрүп жаткан курулушта үч кыргызстандык жаран иштеп жаткан. Кран менен бетон жабдуулары орнотулуп жатканда бетондордун бири 36 жаштагы куруучуга кулап түшкөн. Ал оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген соң көз жумган.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nur-patriot
2014-10-24 12:38:20
ии бечара (( менин тууган акем да Росияда куруучу болуп иштейт. Бирок башка шаарда. Кудай сактасын
+3
tolkun85
2014-10-24 13:08:49
жаткан жерин жайлуу болсун тууган!!! кудайым озу сактасын кайсыл жерде болбойлу кырсыктардан.
+5
Aidar12.05.88
2014-10-24 13:13:22
Байкуш, Кыргыз элим ушинтип, тентибей оз мекенибизде, иштеп Уй булоо, ата эненин алдында журсок болмок, Иш оорундар болсо, жайы жаннаттан болсун Уй Булоосуно терен, кайгыруу менен конул айтам.мындай кырсыктар, жумасына болуп атат,
+5
Boldukan86
2014-10-24 14:05:41
бечара уй булосун сагынып журсо керек эле. корбой да калды. Кудайым озу сактасын.
+4
mahabat.
2014-10-26 11:07:33
Boldukan86, айтпаныз.сиздин коменттен ыйлап жибердим
+1
temirov76
2014-10-24 16:04:01
Эхх аттин,жайы жаннаттан болсун, башка эмне дей алабыз эми.
+2
killer-star
2014-10-24 21:28:33
Аябай окунучтуу,ата-энеси,балачакасы сагынып катуп атса керек еле.баарын корбой отуп кетти.Кадайым жайын жаннаттан кылсын!Мекендештер кайжерде болсонорда тынч аман болгулачы
+4
miss2014
2014-10-24 22:54:13
Жайы жаннатан болсун
+1
azamat4ik
2014-10-24 23:45:14
Аллахым жайын жаннаттан кылсын
+1
kanikey2611
2014-10-25 00:11:06
кыргызстанда жумуш болгондо ошондой болбойт болчу.чондор ичин челектей,бетин табактай кылып отура берсе ошондой болот.
-1
Manasemetei
2014-10-25 03:17:09
kyrgyzym kyrgyzym.iii
+1
gogi55
2014-10-25 13:55:31
кудай сактасын оз мекенинде жашап иштегенге эмне жетсин жаткан жери жайлуу болсун уй булоосуно ата энесине терен кайгыруу менен конул айтам ажал экен....................
+3
nabi89
2014-10-26 12:27:00
Кудай сактасын кыргыз элим Аман болгулачы
0
Manasemetei
2014-10-27 04:19:08
yilaba kyrgyzym kemibeit yrysyn azap kundon alyp 4ygat buirusa senin uul kyzyn.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан