26-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында 4 беттеш орун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда лидерлик сапта келе жаткан “Дордой” бишкектик “Алгага” каршы турат. Ал эми канттык “Абдыш-Ата” конокто “Алай” менен беттешмекчи.
Беттештер тууралуу толук маалымат:
“Манаc” (Бишкек) – “Нефтичи” (Кочкор-Ата)
Стадион: Бишкек шаары, КРнын Футболдук борбору
Башталышы: 15:00
“Ала-Тоо” (Нарын) – “Алдиер” (Куршаб)
Стадион: Бишкек шаары, "Дордой" спорткомплекси
Башталышы: 15:00
“Алай” (Ош) – “Абдыш-Ата” (Кант)
Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев стадиону
Башталышы: 15:00
“Алга” (Бишкек) – “Дордой” (Бишкек)
Стадион: Бишкек шаары, Д.Өмүрзаков стадиону
Башталышы: 15:00