Бишкектеги Дордой-2 жаңы конушунда 3 кызды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте Дордой-2 жаңы конушунда 22-октябрь күнү саат 12:30дар чамасында 3 кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, унаа батыштан чыгыш тарапка келе жаткан. Учурда 7 жаштагы Фатима менен Салтанат жана 6 жаштагы Айпери ар түрдүү оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. 

Жол-кайгуул кызматы бул окуяга күбө болгондордун баарынан айдоочунун өздүгүн тактоо үчүн жардам сурайт. Өзгөчө техникалык тейлөө станцияларына кайрылгандардын арасынан ар кандай мырыйган кемтиктери же автокырсыкка учураган белгилери бар унааларга көңүл коюуну өтүнөт. "Кылмыштын бетин ачууга көмөк сурайбыз, айдоочу кылган ишине жооп бериши керек" деп айтылат маалыматта.

(0312) 60-34-40, 36-35-23, (0772) 32-83-91, (0701) 65-55-80 номерлери аркылуу маалымат берүүгө болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Deniza88
2014-10-24 15:18:34
Дордой -2 кай жакта болуп калат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан