Чүй облусунун Жайыл районунда автокырсык болуп, 5 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 25-октябрда саат 04:45 чамасында болгон. Тагыраак айтсак, Бишкек - Чалдыбар унаа жолунун 66-чакырымында (Жайыл айылынын аймагы) Фольксваген үлгүсүндөгү унаа менен Мазда автоунаасы сүзүшкөн. ӨКМнын Куткаруу кызматынын кызматкерлери кырсыктан жабыркаган 5 адамды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, каза тапкандар жок.