Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 25-октябрда эки күн мурун Ысык-Көл облусунда 7 адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсыкка тийиштүү сүрөттөрдү жарыялады. Эскерте кетсек, Тоң районунда 23-октябрда саат 17:40 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында жол кырсыгы болгон. Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Тойота үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышып, жеңил унаанын ичиндеги 7 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып беришкен.
Жабыркагандар Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ооруканасына жеткирилгени айтылган.