Бишкекте ички иштер органдарынын ортосунда спорттук жарыш өтүп, Бишкек ШИИББи 1-орунду ээледи

Бишкекте бүгүн, 26-октябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата спорттук мелдештер өттү. Жарышка ИИМдин борбордук аппаратынын, Бишкек ШИИББинин, Чүй ОИИББинин, ИИМ академиясынын жана башка бөлүмдөрдүн командалары катышып, алар мылтык атуу, жөө жарыш боюнча күч сынашты. Жөө жарыш шаардын Дүйшөмбү көчөсүнөн башталып, Жаманбаев көчөсү, Тынчтык проспекти, Тоголок Молдо көчөсү, Чүй проспекти жана Орозбеков көчөлөрүн басып өтүү менен эски аянттан аяктады. Эстафетанын акыркы этабына кинологдор иттери менен, милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү да катышканы айтылды. Жыйынтык төмөнкүдөй:

1-орунду Бишкек ШИИББи ээлеп, кызматкерлер кубок, диплом жана 25 000 сом менен сыйланды.

2-орунду ИИМдин командасы алып, 20 000 сом менен сыйланды.

3-орунду Чүй ОИИББи алып, 15 000 сом берилди. 

Жеңүүчүлөргө сыйлыкты ички иштер министри Мелис Турганбаев тапшырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан