Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Дордой" атаандашы "Алганы" 5:0 эсебинде утуп алды
Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында "Дордой" менен "Алга" кез келди. Бишкектик клубдардын ортосундагы оюн курч мүнөздө өтүп, "дордойчулар" 90 мүнөт бою үстөмдүк көрсөтүп турушту. Айта кетчү жагдай, "Дордой" 5 голду тең оюндун биринчи жарымында киргизди. Алгач Жанкарлос Превиату 2 гол, андан соң Мирлан Мурзаев 1 гол жаратса, эсептик катыштагы ири айырмачылыкты Калимулла алып келди. Ал дагы өз эсебине 2 гол жазды.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев