Бүгүн, 26-октябрда орун алган "Дордой"-"Алга" беттешинде футболчу
Руслан Сыдыков майданга чыгып, расмий түрдө профессионалдык карьерасын жыйынтыктады. Анын чоң футбол менен коштошуусуна күйөрмандардан тышкары Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору
Кадырбек Эргешов, "Дордой" спорттук клубунун директору
Шаршен Касенов, КРнын Футбол федерациясынын президенти
Семетей Султанов жана башкалар күбө болушту.
Алгач Руслан Сыдыков капитан катары "Дордойдун" курамында оюнга чыгып, 5 мүнөт оюн көргөздү. Оюнчулар ага гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришти. Андан соң 40 жашка чыккан Руслан мырза эки команданын өкүлдөрү жана майдан менен коштошту. Ал капитан тагынуучу белгини Талант Самсалиевге өткөрүп берип, майдандан чыкты. Андан соң аны "Дордойдун" өкүлдөрү, Футбол федерациясынын өкүлдөрү жана күйөрмандар куттуктап, майдандан жылуу узатышты. Белгилүү болгондой, Руслан Сыдыков ойноп келген 4-номурдагы футболка командада өзгөчө мааниге ээ болуп, мындан ары клубда бул номурдагы футболка менен эч бир футболчу ойнобой турган болду.