Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилди. Ишкерге дарыгерлер 4 сааттан ашык операция жасашып, абалы оор бойдон экени айтылууда. Алкановдун денесине бир нече жолу бычак сайылып, анын көптөгөн ички органдары жабыркаганын 26-октябрда укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 79 жаштагы Райкан Алканов 25-октябрда Талас облусунун 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага (Талас облусунда) катышкан. Катышуучулардын айтымында, салтанатта меценат көңүлдүү отурган, ырдап, бийлеген. Андан кийин ишкерди айдоочусу эс алуу үчүн үйүнө жеткирген. Ал эми эртеси, 26-октябрда ал өзүнүн айдоочусу менен байланышып, тез келүүсүн айткан. Айдоочу ишкердин бычактан жаракат алганын көрүп, "Тез жардамды" чакырган. Бул туурасында милицияга саат 10:00 чамасында маалымат келип түшкөн. Муну Ички иштер министрлиги да тастыктады. Учурда Алкановдун абалы канаттандырарлык. Азыркы тапта кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралууда.
Райкан Алканов - "Алканов жана компания" ЖЧКсынын президенти.