Футбол боюнча өлкө биринчилигинде “Абдыш-Ата” конокто “Алайды” утуп, чемпиондук күрөштү жандандырды

Кечээ, 26-октябрда Ош шаарында жана Бишкекте футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндары орун алды. Бишкекте “Дордой” атаандашы “Алганы” 5:0 эсебинде утса, канттык “Абдыш-Ата” конокто “Алайды” утуп алды. Коноктогу жеңиш менен канттыктар чемпиондук күрөштү жандандыра алышты. Алдыда дагы эки оюн калган маалда мелдеш жадыбалында “Абдыш-Ата” лидер “Дордойдон” 5 упай артта келүүдө. Ошентсе да чемпиондуктун тагдыры 5-ноябрда чечилиши мүмкүн. Анда “Абдыш-Ата” өз үйүндө “дордойчуларды” кабыл алат. Ага чейин “Дордой” конокто “Алайга” каршы оюн өткөрөт.  

26-октябрда болгон оюндардын жыйынтыгы:

“Манаc” – “Нефтичи” – 0:0

“Ала-Тоо” – “Алдиер” – 4:1

“Алай” – “Абдыш-Ата” – 0:1

“Алга” – “Дордой” – 0:5 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан