Бишкектеги Рыскулов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жаш жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда күч органдарынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаш жигиттин сөөгү бүгүн эртең менен табылган. Учурда аталган жерде райондун ыкчам тергөө тобу иш алып барууда. Адистер жигиттин эмне себептен каза тапкандыгын аныктоодо.