Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ саат 10:53 чамасында катталган. Анда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында пенопласт жана 15 даана пластик терезе күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын иштетүүдө өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болгон.