26-октябрь күнү Түштүк Африка Республикасынын футбол боюнча курамасынын дарбазачысы Сенсо Мейиваны атып кетишти. Күч органдары футболчуну өлтүргөндөрдүн изин тапкандарга 13 миң доллардан ашык суммадагы каражат убада кылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчуга ок атылганга чейин үйгө 2 адам кирип, бири сыртта калган. Кылмышка шектүү эки жаран үйгө кирип, футболчу жараланган соң изин суутушкан. Азырынча уруштун чыкканы жана эмне талаш болгону тууралуу маалымат жок.