Бишкек шаарынын тургуну 5 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Баткен облусунда 5 килограммга жакын баңгизат менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусундагы башкы башкармалыгы бүгүн, 27-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 24-октябрь күнү күч органдары тарабынан Ош-Ноокат унаа жолунда Тойота Эллион унаасы токтотулган. Анын ичинде Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган тургуну болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 5 килограммга жакын гашиш табылган. Кармалган адамдын мурда аткезчилик боюнча издөөдө жүргөнү аныкталды. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан